Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдын кесепетинен Чөгөм айылына баруучу унаа жолунда, шагыл аралаш сел жүрүп, унаа жол жабылган. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жок.
Жолду тазалоо үчүн №21 жол тейлөө ишканасынан техника тартуу жагы каралууда. Бирок техникасы оң абалда болбогондуктан, тазалоо иш-чаралары убактылуу токтоп турат.