Социалдык тармакта 5 жаш чамасындагы "журналист" кыздын чоң энесинен "интервья" алган видеосу кеңири тарап, элдин көңүлүн бурууда. Анда кыз чоң энесинин жанына барып суроолорду узатып, энесинин жообуна кызыктуу комментарий бергенин көрүүгө болот.
Кыздын "Күйөөңүз сөгүнүп жатса, сотко берип салыңыз. Баласын урган киши камалып кетти го, сиз да сотко берип каматып жибериңиз", "келиниңизди таяк менен уруп тарбиялабайсызбы?" деп айткан акыл-кептерин эл позитивдүү кабыл алып, кыздын келечеги чоң болсун деп алкап жатышат.
Видеонун аягында өзүн журналист деп тааныштырган кыз "үйүңүздүн башка бөлмөсүнө кирип көрсөк болобу?" деп энесинен уруксат сурап, экинчи бөлмөнү ачып, "аа, бардак" деп чыгып кеткен жери видеонун кульминациясы болгондой.