Мамлекеттик жардамды айрымдар партиялардын атынан берип жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Урматбек Самаев билдирди.
Депутат бул маселени көзөмөлгө алуу керектигин айтты. Ал жакында жергиликтүү кеңешке шайлоолор өтө турганын эскертти. Ошону менен катар эле эл өкүлү Токмокто жашап, бирок башка жакта катталгандарга жардам берилбей жатканын айтты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев каттоосуна карап жардам таратылбай турганын айтты.
Азыркы тапта Жогорку Кеңештин жыйынында коронавируска каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу өкмөт маалымат берип жатат.