Кыргыз футболчусу Айдана Оторбаева медициналык кызматкерлерге жардам берүүгө, ыктыярчы катары иштегенге даяр экендигин билдирген. Ал ийне сайганды билбей тургандыгын, каржы жагынан да жардам бере албастыгын айтып, тамак ташыса да медкызматкерлердин ишин жеңилдеткенге кызыкдар экендигин жазып чыккан. Кийинчерээк футболчу 30 ыктыярчы топтолгонун, алар борбордогу ооруканалардын бирине барышканын, биринчи иш күнү кандай өткөнү боюнча билдирүү калтырды.
Айтымында, ыктыярчылар нес абалда болгонун, медициналык жайлардагы болуп жаткан көрүнүш коркунучтуу экенин, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагы даяр эместигин жазган. Айдана Оторбаева жарандарды сак болууга чакырды.
Бүгүнкү күнгө карата коронавирус инфекциясы 7 миң 94 адамга жайылып, анын 2 миң 714 бейтабы ооруну жеңип чыкты. Каза болгондор 78ге жетти.