Ош шаарында көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен 71 жаштагы аял каза болду. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Кара-Суу көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыгып, батирдин 20 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1949-жылы туулган аял киши каза болду. Өрттүн себеби такталууда", - дешти маалымат кызматынан.