Ушул жылдын 22-апрель күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Баткен облусуна караштуу Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда Хонда-CRV унаасы Айдаркен шаарынан Кадамжайга бара жатып, дөңгөлөк алмаштырып жаткан 3 жаранды сүзүп кеткен. Натыйжада Кадамжай районунун Жийделик айылынын тургуну 1993-жылы туулган Нурсултан Бөрүбаев окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми П.Д. жана К.М. аттуу жарандар аймактык ооруканага жеткирилген.
Ал эми унааны 1978-жылы туулган айдоочу Н.А. башкарып келе жаткан. Ал жол кырсыкка кабылганда, мас абалда экени аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маалымат облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкталды.
Айдоочунун баш коргоо чарасын Кадамжай райондук соту 25-апрель күнү карап чыгып, үй камагына чыгарган.
"Жазык Кодексинин 135-беренеси жана 297-беренеси боюнча шектелген Н.А. эки айга үй камагына алынсын. Тактап айтканда, 23-июнга чейин. Токтом боюнча Жазык кодексинин 135-беренеси жана 297-беренеси анча оор эмес кылмыштардын түрүнө кирет жана анын аты-жөнү аныкталды. Анын туруктуу жашаган жери бар, Кадамжай шаардык мэриясы тарабынан жакшы мүнөздөлгөн. Жашы жете элек көп балалуу жана азыркы күндө аялы кош бойлуу. Мурда сот жоопкерчилигине тартылган эмес, шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринин белгилери этиятсыздык кылмыштын катарына киргендигин эске алуу менен ага карата бөгөт коюу чарасы катары үй камак түрү эки айга тандалат", - деп жазылат маалыматта.
SUPER.KG порталына маркум Нурсултан Бөрүбаевдин жакын досу Эламан Курбаналиевге кайрылды. Анын айтымында, маркум үйдүн жалгыз уулу. Артында 2 баласы калды.
"22-апрель күнү досум жумушунан чыгып, Айдаркен шаарынан Кадамжай шаарын көздөй бара жаткан. Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа айылына жеткенде унаасы бузулуп, жол четине токтоткон. Ал жалгыз болгондуктан, жардамга эки досун Жийделик айылынан чакырган. Алар келип, унааны оңдоп жаткан убакта Айдаркен тараптан катуу ылдамдыкта келе жаткан Хонда-CRV унаанын айдоочусу мас абалында унааны башкара албай, жол четине чыгып барып жабырлануучуларды сүзгөн. Машинанын ылдамдыгы катуу болгондуктан, жабырлануучулар кырсык болгон жерден 10-15 метр аралыкка чейин учуп барып түшүшкөн. Досум Нурсултан окуя болгон жерден жан берген. Ал эми анын эки досунун биринин оң буту эки жеринен сынып, башынан жараат алып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Ал эми бирөөсү оң бутунан жаракат алып, орто абалда болгондуктан "Тез жардам" кызматын чакырган.
25-апрелде Кадамжай райондук сотунун судьясы Ильяз Тажибаев үй камагына чыгарды. Шектүү мас абалда келип, бир адамды өлтүрсө, дагы бирөө өмүр бою ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип калды. Ошон үчүн эмнеге айдоочуну үй камагына чыгарды? Досубуздун ата-энеси, эки баласы, жубайы калды. Эми аларды ким багат, ким карайт? Биз тергөө ишин жана соттон өкүмдү акыйкат чыгарууну талап кылабыз. Адам өмүрүн алган адам ошол замат камакка алынышы керек. Биз бул шектүү адам буга чейин дагы окуучу кызды сүзүп, соттон бошонуп чыгып кеткен деп угуп жатабыз", - деп билдирет маркумдун досу.
Эламан Курбаналиевдин айтымында, айдоочу Кадамжай райондук сотунда мамлекеттик жактоочу болуп иштейт.
Биз жол кырсыгына шектелип жаткан айдоочу мурда дагы кырсыкка кабылган деген маалыматтын чын бышыгын аныктоо үчүн Баткен ОИИБине кайрылдык.
"Айдоочу мурда адам өмүрүн алган жол кырсыгына кабылган эмес" деди басма сөз кызматынан.
SUPER.KG порталы бул окуя боюнча экинчи тараптын дагы оюн угууга даяр.