Бишкекте жеңил унаа Салиева көчөсүндөгү Быстроток каналына түшүп кетти. Бул окуянын видеосу интернетке тарап, унаа каналдын ичинде жатканын көрүүгө болот.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 1-май күнү түш ченде болгон. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Ал эми унааны көп өтпөй атайын кызмат келип, каналдан алып чыккан.