Баткен облусундагы сел жүргөн аймактар боюнча саат 23:00гө карата маалымат.
Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды.
Бүгүн, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунун аймагында Тогуз-Булак, Миң-Жыгач айылдарында, Сумбула, Кара-Дөбө айылынын Катар участкасында жана Исфана шааарында сел жүргөн.
Исфана шаарынын Дадасиян, Восточная, Строительная көчөлөрүнүн күн чыгыш-түштүк тарабынан жана Жаңы-Конуш участкасына тоолордон келген сел, арыктардан ашып, алдын ала маалыматка ылайык, 10 турак үйгө жана жер төлөсүнө жана 16 турак үйдүн огород участкасына сел суулары кирген.
Арча-Бешик балдар бакчасынын жер төлөсүнө болжолдуу 2 метр сел суулары толуп калган.
Сумбула айыл аймагынын Кара-Дөбө айылынын Катар участкасына жана Сары-Дөбө айылынын Катар участкасынын 1 турак үйдүн короосуна сел суусу кирген.
Исфана-Андарак-Көкташ автожолунун 10-27 чакырым аралыгында сел кум шагылга толтуруп салган.
Самат-Замборуч-Жаркыштак автожолунун 8-27 чакырым аралыгында кээ бир жерлерин сел суулары бузуп кеткен.
Беш-Бала участкасында болжол менен 50 метр сел тосмону сел жууп кеткен.
Ош-Баткен-Исфана автожолу боюнча сел кум, шагылга толтурган автожолдор боюнча маалыматтар такталууда.
Аткарылган иштер тууралуу маалымат:
Лейлек райондук №74 өрт өчүрүү бөлүкчөсүнөн 15 өздүк курам тартылып, турак үйлөрдүн жер төлөлөрүнө кирген сууларды тазалоо жана сел сууларын сордуруу иштери жүрүп жатат;
Исфана шаарындагы Чимген айылындагы “Арча-Бешик” бала бакчасынын жер төлөсүндөгү сел сууларын сордуруу жана тазалоо иштерине 1 даана мотопомпа тартылып жооптуу капитан жана 3 куткаруучу тартылып, сел сууларын сордуруу жана тазалоо иштери жүргүзүлүүдө;
Исфана шаарынын күн чыгыш тарабынан кире беришиндеги Додосян көчөсү жана Жаңы-Конуш участкасындагы турак үйлөрүнө жана жер төлөсүнө кирген сел суулары боюнча тактоо жумуштары жүрүүдө;
Исфана шаарынын Строительная көчөсүндөгү турак үйлөрүнө жана жер төлөсүнө кирген сел суулары боюнча тактоо жумуштары жүрүүдө;
Самат-Замборуч-Жаркыштак автожолун 1 даана грейдер тартылып автожолдорду тазалоо иштери жүрүүдө, Ош-Баткен-Исфана автожолунун 380 чакырым аралыгына жеке компаниядан 1 даана автожүктөгүчү тартылып, жол каттамы ачылды;
Автожолдорду тазалоо иштери уланууда. Жеринде ӨКМнын Баткен облусу боюнча башкармалыктын башчысы жетектеген ыкчам топ, Лейлек райондук бөлүмүнөн 5 кызматкер, 15 куткаруучу жана 4 даана грейдер, 2 даана жүктөгүч, 1 даана самосвал, жеке компаниядан 1 жүктөгүч тартылып, иш алып барууда.