Бүгүн, 3-май күнү Баткен облусундагы Лейлек районунда жүргөн селдин калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 3-май күнү өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ сел болгон аймакта жүрөт. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды. Жалпысынан аталган министрликтин Баткен облусу боюнча башкармалыктын башчысы жетектеген ыкчам топ, 20 куткаруучу жана 4 грейдер, 2 жүктөгүч унаа, 1 самосвал, жеке компаниядан 1 жүктөгүч унаа ишке тартылды", - дешти басма сөз кызматынан.
2-май күнү саат 18:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен тоолордон келген сел суулары арыктан ашып, Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде жайгашкан 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 10 турак үйдүн короолоруна, “Арча-Бешик” бала-бакчасынын жер төлөөсүнө жана Кара-Дөбө айылынын Катар тилкесинде 1 турак үйгө сел кирип кеткен. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көк-Таш унаа жолунун 10-27-чакырым аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27-чакырым аралыгын кум шагылдарга толтурган.