Коронавирус эпидемиясы дүйнөгө кулач жайганда Түштүк Кореяда да чоң толкун болуп, бирок чукул арада басаңдаган. Биздин мекендешибиз, учурда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында Назарет эл аралык ооруканасында координатор болуп эмгектенген Жаныбек кызы Бегимайдын жардамы менен SUPER.KG порталы жергиликтүү клиниканын пульмонологунан учурдагы актуалдуу темада маек алды. Түштүк Кореялык пульмонолог алар кантип коронавирус илдети менен күрөшкөнү жана коронавирус менен пневмония оорусунун окшоштук, айырмачылыктары тууралуу айтып берди.
- Саламатсызбы, алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз. Канча жылдан бери пульмонолог кесибин аркалап келесиз?
- Саламатчылык! Мен Назарет эл аралык ооруканасында пульмонология бөлүмүнүн дарыгеримин, аты-жөнүм Жонг Санг Хун. Инха университетинин терапевт бөлүмүн аяктап, көптөгөн университеттик ооруканаларда иштеп, пульмонология бөлүмүндө жүргөнүмө 5 жылдан ашты.
- Менин суроолорум көбүнчө учурдагы актуалдуу болгон коронавирус инфекциясына байланыштуу. Аталган инфекцияда адамдын өпкөсүн четинен "жеп" баштайт деп айтышат. Адис катары вирус өпкөгө кантип түшүп, кантип "жеп" баштаганын кеңири түшүндүрүп кетсеңиз.
- Вирус адамдын денесине дем алуучу функциялар аркылуу түшкөн учурда организм ага каршы реакция кылып, кандайдыр бир ооруну козгошу мүмкүн. Вирус организмге киргенде бардык учурда ооруну козгой бербейт, анткени өзүңүздөр деле билсеңиздер керек, коронавирусту жуктурган адам менен байланышкан адамдардын баарынан вирус аныкталбайт. Андай адамдар көпчүлүк учурда өзүнүн иммунитети менен жеңип чыккандар болуп саналат. Бирок ооруган адам менен байланышта болуп, вирус денеге кирип көбөйүп, оору пайда кылса, ошондо коронавирус деп диагноз коё алабыз.
Коронавирустун түрлөрү да бар, эч кандай симптому жок этаптан баштап, өтө курч белгини пайда кылган түрүнө чейин. Ошол үчүн ооруган адам менен байланышта болгондон кийин орточо 2-5 күндөн баштап, айрымдардын эти ысып же болбосо сасык тумоонун жеңил түрү байкалса, бул вирустун башталып жаткан учуру болуп саналат. Кээ бир учурда ашказан, ичеги оорулары да козголуп, ичи ооруп же өтүшү мүмкүн. Ошондой эле жөтөлүп, дем алуусу кыйындап, эттин ысышы, булчуңдун оорусу негизги белгилери болуп саналат. Коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталып, ошондон улам дем алуусу кыйындаган бейтаптардын абалы пневмонияга өтүшүп кеткен учурлар да кездешет. Ошентсе да байкалган белгилерине карап коронавирус деп так айтуу мүмкүн эмес. Качан гана тест тапшырып, өпкөнү рентгенге тартканда так диагноз коюлат.
- Вирус өпкөнү жеп койсо да ага суюк кычкылтек берип отуруп, өпкөнүн өлүп калган ткандарын калыбына келтирсе болот деп айтышат. Жабыркаган өпкөнү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү канчалык?
- Азыркы учурларда өзүңүздөр билгендей коронавирустун дарысы жасалып чыга элек. Андыктан ооруканаларда кандайдыр бир дары менен вирусту өлтүрүп жок кылууга умтулбай, иммунитетти көтөрүү менен организмдин өзү ооруну жеңип чыгуусуна жардам берүү жүргүзүлүүдө. Пневмонияга өтүшүп, өпкөгө абанын жетиши кыйындап кеткен учурда жасалма дем алдыруу аппараты менен менен өпкөгө аба камсыз кылып, иштешин жөнгө салуу өтө маанилүү. Болбосо өпкөдө фиброз пайда болуп, абалды ого бетер курчутуусу мүмкүн. Мындай учур көп болбосо да сейрек кездешет. Ушундай оор учурларда жөнөкөй жасалма дем алдыруудан тышкары экстракорпоралдык мембрандык оксигенацияны (ЭКМО) пайдаланып, кан тамырга аба айландырып өпкөнү калыбына келтирген учурлар болот.
- Түштүк Корея коронавирус менен эффективдүү күрөшкөн алдыңкы 3 өлкөгө кирди. Сиздерде вирустун алдын алуунун кандай чаралары колдонулду?
- Түштүк Кореяда эпидемия башталганда эле абдан жоопкерчилик менен мамиле кылып, алдын алуу чаралары колдонулган. Кытай жана башка мамлекеттер менен чек араны эрте жаппаса дагы өлкөнүн ичинен, диний ишеним жайлардан, түнкү клубдардан коронавирус көп катталып жатты. Башка мамлекеттен кирип келген жарандарды текшерүү, адамдардын изоляцияны сактоо режимдери катуу сакталды. Андан тышкары ооруга чалдыккан адамдар башкаларга жугузбашы үчүн үй-бүлөсүнөн бөлөк жашап туруу үчүн турак жай менен камсыз кылган учурлар болду. Эң негизгиси, эл бет кап тагынып, өздүк гигиенаны туура сактагандыктан, башка мамлекеттерге салыштырганда жыйынтык жакшы болду. Чындыгында азыр деле өлкөдө абал коопсуз деп айта албайбыз, бүгүнкү учурда деле кооптонуу бар.
- Учурда пневмония жана коронавирустан каза болгондор болууда. Билишибизче, эки оору тең өпкөнү жок кылат. Эки оорунун өз-өзүнчө классификациясын айтып бере аласызбы? Себеби көпчүлүк учурда айрымдарды коронавируска шектелүүдө дешкени менен эки тараптуу пневмония болду деп диагноз коюшат. Эки оорунун окшоштугу, айырмачылыктары тууралуу айтып берсеңиз?
- Пневмония өпкөнүн сезгенүүсүнөн пайда болот. Ал эми ошол сезгенүүнү коронавирус жаратышы толук мүмкүн. Чындыгында оорулардын белгилеринен айырмалоо мүмкүн эмес. Адамдын эти ысып, 3-4 күндөн кийин кичине жакшырып баштаса, аны сасык тумоого каршы дарылар менен дарыласа болот. Эгер айыкпаса, анда ооруканага жаткырып, адистен кеңеш алуу зарыл. Окшоштуктары белгилеринде. Өпкөнүн жабыркашы коронавирустан дагы, пневмониядан да болушу мүмкүн. Айырмачылыктарын айтсак, жогоруда айткандай, коронавирустун дарысы азырынча жасалып чыга элек, ошондуктан бактерия, микробдорду өлтүрө турган дарыларды, антибиотикти колдонуп, организмдин жакшырышын күтүү гана керек болот. Эки оору, дарысы бар-жогу менен гана айырмаланса керек.
- Негизи эле өпкө көбүнчө кандай шартта, эмнеден улам жабыркайт?
- Бул абдан масштабдуу суроо. Өпкө оорулары негизи аябай көп. Биз башта айтып өткөн пневмония оорусу (вирустуу пневмония, бактериялуу пневмония), астма, аллергиялык оорулар да өпкөнү жабыркатат. Андан тышкары интерстициалдык өпкө оорулары, өнөкөт обструктивдүү өпкө оорулары, өнөкөт оорулар, өпкөнүн залалдуу шишиги дагы бар. Өпкөнүн жабыркашына жашаган аймак, аба, тукум куучулук, астма ооруусу, залалдуу шишик, чылым жана башка нерселер таасирин тийгизет.
- Өпкө оорусу менен ооругандардын статистикасы дүйнөдө кандай? Канча пайыз жаштар, канча пайыз улуулар жабыркайт?
- Негизи көпчүлүк учурда пневмония оорусу жаштарга караганда улууларда көп кездешет. Буга улгайгандардын жаштарга караганда иммунитети алсыз болгондугу себеп. Бирок жаштар да ден соолукка кам көрбөй спирттик ичимдик ичип, көп чылым чеккендиктен пневмония оорусуна чалдыгуу коркунучу чоң. Мындан тышкары астма оорусу да жаштарда көп кездешкен оорулардын бири болуп эсептелинет. Тамекини көп чеккен адамдарда өнөкөт обструктивдүү өпкө оорулары көп кездешет.
- Кыргыз өлкөсүндө бронхиалдык астма да көп катталат. Астма эмнеден улам жаралат? Жаратылыш өзгөчөлүгүнүн (нымдуу аба же кургак аба) да таасири болобу?
- Астма негизи аллергиялык, өнөкөт аллергиялык оору жана анын тукум куучулук касиети да бар. Мындан тышкары абанын кирдеши, чылым чегүү астманын пайда болушуна себеп болот. Мен Кыргыз өлкөсүндө жаратылыш кандай экенин так билбегендиктен, көп катталышынын себебин так айтуу бир аз оор. Негизи Азия өлкөлөрүндө өсүмдүк, бак-дарактардын чаңы, ошондой эле техникалардан чыккан чаңдар көп болгон үчүн аталган оору көп кездешсе керек деп ойлойм.
- Рахмат маегиңизге! Ишиңизге ийгилик!