Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жайгашкан "Сардоба" суу сактагычында 1-майда дамба жарылып, Кургантепа шаарын жана бир нече айылдарды суу каптаган. Кырсыктын кесепетинен 12 миңден ашуун жаран коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата тургундар үйлөрүнө кайтып баштаганын өзбек басылмалары жазышууда. Маалыматта президент Шавкат Мирзийоевдин жергиликтүү тургундар менен жолугушканы айтылат.
"Президент жашоочулар үчүн шарттарды түзүүнү тиешелүү жактарга тапшырды. Мындан тышкары өлкө башчы жергиликтүү тургундарга милдеттүү түрдө материалдык жана моралдык жардам көрсөтүлөрүн белгиледи", - деп жазылат маалыматта.
Аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасы суу каптоодон улам кызматтык шалаакылык жана тоо, курулуш же жарылып кетүү коркунучу бар иштериндеги эреже бузуу беренелери менен иш козгоду.
"Сардоба" суу сактагычы 2017-жылы курулуп, эки облустун райондорундагы айдоо жерлерди суу менен камсыз кылып турган.