Ноокен районунда сел жүрүп, үйлөрдүн короосун каптап, жашылча эгилген айдоо аянттарын жууп кетти

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда сел жүрүп, айдоо аянттарды, үйлөрдүн короолорун каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"5-май күнү саат 18:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Достук айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылынын сугат каналынан суу ашып, болжол менен 20 гектар жашылча эгилген айдоо аянтын жана 15 үйдүн короосун каптаган. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Ноокен райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет шашылыш билдирүү тараткан жана өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштары токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан