"6 тонна ун, 1 тонна май, 500 килограмм макарон". Ырчы Самара Каримова селден жабыр тарткан Лейлек элине жардам көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова туулган жери Баткен облусунун Лейлек районуна табигый кырсыктан жабыр тарткан элге жардам көрсөттү. Кайрымдуулук иши тууралуу ырчы SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Биз кечээ Лейлек районуна барып, селден жабыр тарткан элибизге жардам катары үй-бүлөбүздүн атынан 6 тонна ун, 1 тонна май, 500 килограмм макаронду 100 чакты үй-бүлөгө тараттык. Буга чейин деле тапканымдын үлүш бөлүгүн муктаж адамдарга берип жүргөм. Бирок "бир колуң бергенди экинчи колуң билбесин" деп эч качан жарыялаган эмесмин. Бул жолу да ошентип койсом болмок. Бирок көпчүлүк кадырлаган Чубак ажы көрсөтүп кайрымдуулук кылсаңар болот дегенин угуп, жакшылык иш жугуштуу болсун деген ойдо эл менен бөлүшүп жатам.

Лейлекте дагы деле жамгыр жаап жатат. Жашоочулар көп жылдан бери мындай катуу сел жүрбөгөнүн айтышууда. Чын эле жерине барып, эл чоң жапа чеккенине күбө болдук. Айрымдары үйүнөн, мал жандыктарынан, эгининен айрылып отурушат. Баарынан таң калганым элдин пейили болду. Чоң кырсыкка кабылышканына карабай, сабырдуу болуп, жүздөрүнөн жылмаюу кетпей, бири-бирине жардам кылып, тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жадакалса кошуна айылдан келип, жардам бергендер болуп жатат", - дейт Самара.

Самара Каримова селден жабыр тарткан Лейлек элине жардам көрсөттү
Самара Каримова Лейлек элине жардам көрсөттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
assanov97
2020-05-06 22:00:59
Жакпайт ушу
-18
bond02
2020-05-06 22:02:42
Лейлектиктер Асандын кулагынан чойгон окшойт.
-16
Tolik777
2020-05-06 22:23:02
Самара отурса керек Даниэль Ажиевдей болуп согунуп.
-15
adoi
2020-05-06 22:47:32
Самара карындашым жакшы иш кылыпсын, ишине ийгилик рахмат.
+19
bond0202
2020-05-06 22:58:24
кыйналып тургандарга жардам берсе да алынардын жетишинче минус бастынар.ушинтип бири бирибизди коралбай журсок качан онугобуз.жок дегенде орозо айында кечиримдуу болгулачы
+17
Rusi79
2020-05-06 23:04:19
Тообо дей турган заман,жон эле Самара силердин акчанарды чачкандай минус басыпсынар го,озу кылбайт бироону коро албаган адамдар.
+15
gaibilla
2020-05-06 23:09:09
Самаричка алга ишине ийгилик
+14
pero5184
2020-05-06 23:17:02
Алла ыраазы болсун Самаш
+8
samirabi
2020-05-06 23:30:37
Негатив жазгандар оздорунун колунан бир адамга жакшылык кылыш келбейт,дагы бироону сындашат.Самарага рахмат,элин колдогонуна кыйынчылык кезде
+7
tolkunn
2020-05-07 00:21:50
Самараны короалбагандарды кыпкызыл кылып минус басып таштапсынарго ажап кылыпсынар, Самара биз сени жакшы коробуз.
-7
zamiirbek1993
2020-05-07 07:02:30
кыргыз онукпойбуз деп отуруп алып комент жаза бересинерда. ойунарга келгенди силерда жардам бергиле самарадай болуп. самаранын богуна да тен келбейсинер анан суйлойсунор
+4
zamiirbek1993
2020-05-07 07:03:57
самара сага рахмат Аллаа разы болсун. елдин озунда елек жок суйлой берет сага коро албас ичи таар колунан ХХХХХ келбегендер
+4
katerina.li
2020-05-07 08:45:04
Минустар самаранын заказы менен пилус болуп кетсе керек
-3
raia
2020-05-07 14:53:24
Кылган ишине Алла раазы болсун Самара кызым...
Мынча негатив создорду жазасынар жардам берсе да ий деп атасынар,жардам бербей койду деп да жазасынар .
Силерге эмне жаманчылык кылды ырдаса оз оозу менен ырдап журот,кары кишиге тийсе озу жашап журот эч ким кошо жашап кошо ырдап журбойт го...
Кайрымдуулукту жылмайып бербей ыйлап береби,сомсойсо дагы айтмаксынар бергенине ичи ооруп атат деп.Ырдаса ыры жагымдуу кимдин укусу келбейт.Жылмайса жузу суйкумду ким аны жакшы корбойт...
+1
raia
2020-05-07 14:55:48
Раазы болсун.Туулган жерине,торкунуно кайрылганын бул сенин адамкерчилигин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан