Кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда коронавирус жугузуп алган жана анын кесепетинен каза болгон саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөөгө республикалык бюджеттен 50 миллион сом каражат бөлүнөт. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Аталган буйруктун негизинде төмөнкүлөргө бир жолку акчалай компенсация бекитилген:
- өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда коронавирус инфекциясын жугузуп алган саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине 200 миң сом өлчөмүндө;
- өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда коронавирус инфекциясын жугузуп алуунун кесепетинен каза болгон саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө акча берилет.
Бир жолку акчалай компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүүнүн негизинде конкреттүү медициналык жана башка кызматкерге тиешелүү компенсация төлөө жөнүндө чечим кабыл алынат.