"Ээй, кой десем болбой подаркалар келип жатат". Согуш ардагери Суранбай Алиев 100 жашта экенине карабай өтө чыйрак (видео)

Өлкө аймагында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин саны жыл өткөн сайын суюлуп барат. Айрыкча алардын арабыздан суюлуп бара жатканы 9-май Улуу Жеңиш күнү майрамдалып жаткан учурда байкалат. Анткени бул майрамга жакын алар жоктолуп, көзү тирүүлөргө белек тапшырылып, коомдун көңүлү ардагерлерге бурулат.

Азыркы тапта экинчи борбор аталган Ош облусунда 23 гана согуш ардагери калган. Алардын бирөө Алай өрөөнүндө жашаган Суранбай Алиев. Ал 1920-жылы туулган. Ардактуу ардагер ушул келе жаткан 10-майда 100 жашка чыгат. 1 кылым өмүр сүргөн ата азыр да орозо кармайт, акылы сергек, күлүү-күчтүү. Ардагердин позитивдүү видеосу интернетке тарап, ага ден соолук, дөөлөттүү карылык каалаган замандаштары көп.

Видеодо ардагер "Подарка жаман келип атат, куттуктап атышат. Кара козубуз жок, элден сурап келе жатам. Ээй, кой десем болбой подаркалар жаман келип атат да (күлүп). Орозо кармадым, орозонун башталганына 5-6 эле күн болду. Орозо жакшы да, кыйналган жокмун, жыгылсам жыгылып калам да" деп видеого тарткан адам менен сергек сүйлөшүп, чыйрактыгын көрсөткөн.

Суранбай Алиев 4 уул, 4 кызды тарбиялап тууруна кондурган. Анын 40 небере, 60 чебере жана 2 кыбырасы бар.

SUPER.KG порталы Суранбай Алиевдин жакындары менен маектешти. Анын согуштагы окуялары, жакындарынын ардагер тууралуу жылуу пикири тууралуу жакынкы аралыкта биздин порталдан окуй аласыз окурман.

Согуш ардагери Суранбай Алиев 100 жашта
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
isarti
2020-05-07 08:00:00
Шайыр карыя экен да. Позитив менен жашаган.
+9
Shabi
2020-05-07 08:08:55
Журогун жылыйт го
+8
Tolkun555
2020-05-07 17:53:32
Кудай дагы узун омур ден соолук берсин.жениш куну менен баарынарды куттуктайм
+1
Mister-X
2020-05-08 01:51:43
Биз дагы ушул чон атанын жашына жетсек экен.Дагы коп жашаныз,ден соолук каалайм!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан