Интернет айдыңына милиция кызматкери жаранды бетке чаап жиберген видео тарады. Окуяны күбөлөр тартып алган.
Анда тартип сакчы менен белгисиз эркек кишинин ортосунда кайым айтышуу жүрүп жатканы көрүнөт. Бир аздан соң милиция кызматкери жаранды бетке чаап жиберген. Окуя болжол менен Бишкектин Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн кесилишиндеги көчөдө орун алгандыгы айтылууда.