Улуу Жеңишке 75 жыл. Бул жеңиш үчүн канчалаган аталарыбыз жанын берип курман болсо, канчалаган аталарыбыз жарадар болушкан. Алардын ичинен сөөгү табылбай бир канчасы дайынсыз жок болушту. Кандуу согушта өз жаштыгын тобокелге салып, бир канча эрдик көрсөтүп, Жеңиш туусун желбиретүүгө өз салымын кошкон согуштун ардагери, бир канча медаль, ордендердин ээси Суранбай Алиев атабыз менен маектештик. Ал согуш учурундагы кээ бир окуяларга токтолуп, замандын тынч болуусун тилеп, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүн каалады. Ардагер Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Тапан айылында жашайт.
- Ата, саламатсызбы, майрамыңыз менен куттуктайбыз! Согушка жөнөп кеткен күнүңүз эсиңиздеби, айтып берсеңиз?
- Саламатчылык. 1942-жылы Жошолу айыл өкмөтүнөн Гүлчөгө андан ары Ошко, Оштон Ташкент аркылуу согушка жөнөп кеттим. Алгач Саратов облусундагы согушка катыштым. Саратовдун согушу бүткөндөн кийин Курскийге бардым. Ал жерде согуш токтогондон кийин Чапаев айылында болдум. Чапаевде колумдан жана бутумдан жарадар болуп калдым. Ал жерден мени ооруканага алып кетишти.
Ошентип жараатыма байланыштуу мени согуш талаасынан бошотушкан. Ал учур 1944-жыл болчу. Согуш талаасынан Ташкентке чейин мени орус аял алып келген. Андан кийинки жолдо өзүм келдим. Үйгө келгенде завхоз болуп иштедим. Ал жакта топоз, жылкы бактым, бригада башчысы болдум. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ушинтип жашап келе жатам.
- Сиз согуштан келгенден кийинки элдин жашоосу тууралуу айтып берсеңиз.
- Ал учурду айткым келбейт, анткен менен тарых да. Согуштун таасири бардык жерге тийип турган маал болчу. Элибиз эсен болсун, согушту жаштар көрбөсүн деп тилек кылып турам дайыма. Мен согуштан келгенде заман өтө начар эле. Ачарчылык заман. Ал учурда ачкадан далай адамдар өлүп кеткен. Согушта жана андан кийин деле адамдар ачкадан өлсө, азыр токтуктан өлүп жатат деп ойлой берем. Себеби азыр Кудайга шүгүр, жетиштүү заман. Ошондуктан жаштарга эч нерсени ысырап кылбагыла деп айткым келет. 1948-жылдан кийин гана заман акырындап оңоло баштаган. Кудайга шүгүр, бала-чакам, небере-чөбөрөлөрүм бар. Баарына каниет жана шүгүр айтам.
- Канча балаңыз, небере-чөбөрөлөрүңүз бар?
- Чоң балам 75 жашка чыкты. Андан кийинкиси 73 жашта. Эң кичүү уулум 50 жашта. 4 уул, 4 кызды тарбиялап жайгаштырдык. 40 небере, 60 чебере жана 2 кыбырам бар.
- Азыркы жаштарга эмнелерди айта аласыз.
- Заман жакшы болсун, элибиз тынч болсун, жаштар өсө берсин. Өлкө башчыбыз жакшы иштеп жатат. Анын колуна кол, бутуна бут болуп жардам берели, жаштар жардам берсин, акыл кошсун. Ошондо өнүгүү болот. Ар кимиси өз көмөчүнө күл тартса, кайдагы өнүгүү болмок эле. Азыркы оору каптабасын бизди, баарыбыз тынч бололу.
Ал эми 36 жылдан бери атаны карап, аны менен жанында кошо жүргөн келини Чынаркан Жусупбаева да маекке аралашып, суроолорубузга жооп берди.
- Чынаркан эже, Алиевдердин үй-бүлөсүнө канча жашыңызда келин болуп келдиңиз эле?
- Түбүм Кара-Кулжадан, Алайга 17 жашымда келин болуп келгем. Андан бери 36 жыл өттү. Азыркы учурда 6 бала, 12 неберем бар. Келин болуп келгенден бери кайната, кайнененин колундамын. Себеби жолдошум үйдүн эң кичүүсү болгондуктан, милдетимди аткарып жатам.
- Атаңызды жанынан билген келинисиз да. Ардагердин азыркы абалы, ден соолугу кандай?
- Атам 10-майда 100 жашка чыгат. Кудайга шүгүр, 100 жаш дегенибиз менен атамдын абалы жакшы. Анын басып турганы, сүйлөгөнү баары сергек. Ал олтуруп согуш учурундагы окуяларды бизге айтып берип турат. Атамдын эс тутуму дагы эң жакшы. Ар дайым телевизор көрүп, маалыматтардан кабардар болуп турат. Ал эле эмес гезит окуйт. Ал телевизор көргөндө бир эле өзү көрбөй, "олтургула чогуу көрөбүз" деп жаңылыктар башталганда бизди да тизип отуругузуп алат.
Атам азыр Рамазан айы болгондуктан, быйыл орозо кармап алды. Былтыр орозо туткан эмес эле. Быйыл 100 жашка чыгып атам, анын урматына орозо кармайын деп жатат.
Атама келини катары аябай ыраазымын. Ал аябай акылдуу, сылык, иштерман киши. Кайненем дагы айылдын асты болгон байбичелерден эле. Атам дагы айылда кадыр-барктуу башы көрүнгөн киши.
Атам менен апамды Кудай билип кошкон деп айтып калам. Анткени экөө тең акылман, апам да өзгөчө акылман жан болчу. Ушунча жыл атам менен бирге жашап жаман сөзүн укпадым, келин деп мени өгөйлөшкөн жок. Отуруп турган сайын атакемдин өмүрүн тилеп келебиз. Албетте, биз атабыздын батасы менен агарып-көгөрүп, 6 балалуу болуп, небере күттүк.
- Ата бул убакка чейин эмне менен алектенип келди эле?
- Согуштан келгенден кийин кыйын мезгилде кампачы болгонун айтып калат. Андан кийин мал чарбачылыгына өтүп топоз, жылкы, уй багыптыр. Талаада иштеп чөп чапкандарга бригадир болуптур. Жалаң колхоз, совхоздун иштеринде жүрүптүр. Мен келген учурда деле мал чарбачылыгы менен алектенип келди.
Атам ачарчылык заманына карабай балдарынын баарын окутуп жайгаштырган. Балдарынын баары жогорку билимдүү. Эң улуу баласы мектепте 38 жылдан бери мугалим болуп, агартуу тармагында иштеп келе жатат. Андан башка балдары деле мамлекеттик кызматтарда иштешет. Кайнатам эч чай ичпейт. Ал төрт мезгил бою сүт ичип, мүнөздөп тамактанат.
- Рахмат маегиңиздерге. Атанын ден соолугу чың болсун!
Сыймыктуу согуш ардагери Суранбай Алиев атабыздын азыркы сергек абалын чагылдырган видеону ушул шилтемени басып, көрүп жана окусаңыз болот.