ЖКда парламенттин ишинин натыйжалуулугун арттыруу маселеси талкууланып жатат

Парламентте “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда. Демилгечи депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, бул мыйзам ЖКнын ишинин натыйжалуулугун арттырат. Башкача айтканда, ЖКнын пленардык жыйындары шейшемби, шаршемби, бейшемби күндөрү саат 9:30дан 13:00гө чейин өтмөкчү. Жыйынга келбеген депутаттарга ишеним кат аркылуу добуш берүүгө тыюу салынат. Мыйзам долбоорлоруна добуш берүү күнү, ошол мыйзам долбоору талкууланган күнү өтөт. Ошол эле учурда депутат Анарбек Баратов "бул мыйзам менен мен даярдаган мыйзам долбоору окшош экен" деп айтып, бир катар депутаттар "бул эки мыйзам окшош болсо, бирөөсүн комитет жыйынында жокко чыгарып же экөөсүн бириктирүү керек болчу" деген сунуштарды айтышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан