Сенсация! UFC 249: Америкалык мушкер Жастин Гейтжи мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти

Бүгүн, 10-майда АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 249 турниринде америкалык Жастин Гейтжи жердеши Тони Фергюсонду техникалык нокаут менен жеңип алды.

Жастин Гейтжинин олуттуу соккуларына Фергюсон туруштук бере алган жок. Беттештин бешинчи бөлүгүндө Фергюсондун абалы оор болгондуктан, калыс мөөнөтүнөн мурда беттешти токтотту. Жастин Гейтжи UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону аталды.

Жастин Гейтжиге убактылуу кур тагылганда ал аны чечип салды. Алып баруучу Жо Роган андан бул иш-аракеттердин эмнеге байланыштуу экендигин сураганда, америкалык мушкер толук кандуу UFC чемпиону болууну күтүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

UFC уюмунун президенти буга чейин бул беттештин жеңүүчүсү орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен беттешерин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Merch
2020-05-10 11:59:35
Тониге жалко...
+7
Barak-9494
2020-05-10 12:09:48
тони кок чай ичип жашайтурган болуп калыптыр бой тушкон еле
-2
zhaku2017
2020-05-10 12:28:13
Куч атасын тааныбайт
+10
PROS
2020-05-10 13:27:27
Сенсация эмес күтүлгөн эле нерсе болду мен үчүн) мурдагы Тони жок азыр.
+3
Kyrgyz40
2020-05-10 13:36:14
Хабиб Жастин мушташын кутобуз эми, Жастиндин характери жакшы экен серьёзный
+7
Sakura715
2020-05-10 14:47:12
Хабибге жаман болду)
+3
bond02
2020-05-10 16:01:23
Мурдагы Тони жок го, совсем слабый мушташты же чарчаганбы.
+3
Telibaitentek
2020-05-10 17:05:02
Спектакль
+1
Bale
2020-05-10 19:54:16
Тони бир айдан бери тамак ичелек окшойт слабыйго такыр эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан