UFC 249: Валентина Шевченкону беттешүүгө чакырган Генри Сехудо карьерасын жыйынтыктаганын билдирди

Бүгүн, 10-майда АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өткөн UFC 249 турниринде америкалык Доминик Круздун үстүнөн жеңишке жеткен Генри Сехудо карьерасын жыйынтыктап жатканын айтты.

"Мен бардык мезгилдин эң мыкты мушкери болом. Бирок азыр мен карьерамды аяктап жатам деп айткым келет. Менин сүйлөшкөн кызым бар жана мен үй-бүлө кургум келет", - деп билдирди Сехудо.

Генри Сехудо 2008-жылы Кытайдын борбору Пекин шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча алтын медалга ээ болгон. Турнирде мушкер олимпиададан уткан медалын тагынып чыкты.

2019-жылы Генри Сехудо Валентина Шевченкону беттешүүгө чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2020-05-10 15:59:26
Уят эле, олимпиада чемпиону.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан