«Керемет Банктын» кызматкерлери карантин учурунда бардык аймактардагы муктаж болгондорго жардам кылышты

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал шарттарын жана андан кийин өзгөчө абалды киргизүү менен, «Керемет Банктын» кызматкерлери муктаж болгондордун ар кыл тайпаларына: көп балалуу жана жарды үй-бүлөлөргө, саламаттыгынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, ардагерлерге, медициналык мекемелерге, адистешкен балдар мекемелерине жардам көрсөтүштү, ошондой эле жаныбарлар менен канаттууларга кам көрүштү.

Ар бир аймактык филиалга банк COVID-19 вирусунун кесепеттери менен күрөшүү үчүн каражаттарды бөлдү, ошол эле учурда кызматкерлер коронавирус менен күрөшүү үчүн өз алдынча каражаттарды чогултууну уюштурушту. «Керемет Банктын» аймактык өкүлдөрү жергиликтүү бийлик органдары менен чогуу тизмелерди түзүштү, дарек ээлери менен байланышып, зарыл азык-түлүктөрдү сатып алууну жана аларды максаттуу жеткирүүнү жүзөгө ашырышты. Жыйынтыгында Ошто, Кадамжайда, Жалал-Абадда, Караколдо, Чолпон-Атада, Таласта, Кара-Балтада жана Бишкекте 150дөн ашуун үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Банк Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында ар кыл медициналык мекемелерге да колдоо көрсөттү. «Керемет Банктын» аркасы менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасында обсервация үчүн имарат даярдалды жана зарыл инвентарь сатылып алынды, Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын Бириктирилген аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнүн медициналык персоналын изоляциялоо үчүн атайын коридорду орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо жумуштары жүргүзүлдү, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын каржылык мерчемде көбүрөөк аялуу кенже медициналык жана техникалык персоналына материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Борбордо зарылдыгына жараша Бишкек шаары Октябрь районунун ҮДББнын, Бишкек шаары чукул медицина борборунун жана Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын медицина кызматкерлеринин суроо-талаптары канааттандырылды. Чүй облусунун Жайыл районунда «Керемет Банктын» кызматкерлери оор абалда калган «ЯВНА» Балдар кайрымдуулук фондуна жана Сосновка айылындагы үй-бүлөлүк балдар үйүнө жардам кылышты.

Тилекке каршы, «Бугу-Эне» коомдук фондунун карамагындагылар – зоопаркта тамак-ашсыз калган жаныбарлар менен канаттуулар да оор кырдаалга кабылышты. «Керемет Банкта» кызматкерлер чогулткан каражаттардын бир бөлүгүн карамагында 150дөн ашуун жаныбарлар менен канаттуулар, анын ичинде браконьерлердин айынан сокур болгон Жаабарс аттуу илбирстин баласы да бар реабилитациялык борборго берүүнү чечишти. «Керемет Банк-Каракол» филиалынын кызматкерлери фонддун өкүлдөрү менен байланышып, алардын багуусундагылар үчүн эттин, жашылчалардын, жемиштердин жана көк-сактын 450 килограммдан ашуун азык-түлүк корлорун сатып алышты.

COVID-19 – азыркы учурдун оор чакырыктарынын бири. Бүткүл дүйнө пандемиянын жайылуусу менен күрөшүү үчүн бирикти. «Эч ким кайдыгер кала албайт" дейт «Керемет Банк» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Эркинбек Жумабаев. – Биздин банктын артыкчылыгы – бул кеӊири филиалдык тармагы, ал бизге өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында пандемияга байланыштуу келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүүгө жол берди. Мен биздин команда менен сыймыктанам, ал ынтымагын көрсөттү жана муктаж болгондордун ар түрдүү категорияларына жардамдашты. Кезектеги жолу биз элибиздин күчү – биримдикте, достукта жана ынтымакта экенине ынандык!»


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан