Кошуна Өзбекстанда бир суткада 35 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, ооругандардын жалпы саны 2 миң 453кө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
11-майга карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 453кө жетти. Анын арасынан 1 миң 945 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 10 адам каза болгон.