Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайлоого бара жатып, жол кырсыгына кабылып, ооруканага жаткырылган 11-класстын окуучуларынын бирөөсү бейтапканадан чыгарылды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
"Ал эми эки окуучу жакынкы күндөрү чыгарылат. Абалдары туруктуу", - деп жазылат маалыматта.
6-май күнү саат 13:00 чамасында Ноокен айылынын тургуну 25 жаштагы У.Э. өзүнүн Хундай Портер унаасын айдап, 11-класстын окуучулары К.Б., Ж.у.Б., Т.к.А. жана С.С.ны салып, Кара-Булак жайлоосуна бара жатып, жол кырсыгына кабылышкан. Унаанын айдоочусу Кыр-Жон жайытында унааны башкара албай, кырсыкка кабылган. Натыйжада үч окуучу денесинен жаракат алып, аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми бир окуучу, тактап айтканда К.Б. окуя болгон жерден каза болгон.