Ысык-Көлдө күрөш залынан 2 жаранды сабап кеткен шектүүлөрдүн төртөө кармалды

Ысык-Көл облусунда эки адамды уруп, сабоого катыштыгы бар шектүүлөр аныкталып, кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

20-апрель күнү болжол менен саат 22:20 чамасында Ысык-Көл районунун милициясына "Тез жардам" кызматынан Бостери айылынын 33 жаштагы тургуну М.С. башынан оор жаракат алып ооруканага түшкөндүгү кабарланган. Ошондой эле жабырлануучунун таанышы, ушул эле айылдын тургуну Д.Э`ге медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилгендиги айтылган.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине 138-берененин 1-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя 20-апрелде болжол менен саат 21:00 чамасында Бостери айылынын күрөш залында орун алганы белгилүү болду. Жабырлануучулар машыгып жатканда залга белгисиз 3-4 адам кирип, сабашып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Аталган кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тергөө ыкчам тобу түзүлгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү 12 адам экени, алардын аты-жөнү аныкталган.

Бүгүн, 11-майда жогорудагы окуяга катыштыгы бар делинип, издөөдө жүргөн дагы 4 жаран кармалды. Алар Бостери айылынын 33 жаштагы Ж.У., 26 жаштагы С. уулу А., 32 жаштагы И.Б. жана 27 жаштагы Т. уулу К. аттуу тургундары. Кармалгандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бүгүнкү күндө уруп-сабоого катыштыгы бар делинген шектүүлөрдүн 11и кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Учурда кылмышка шектүү бир адамды кармоо боюнча издөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-X
2020-05-12 06:30:22
Залга 3-4 адам кирсе,11 адамдын кандай катыштыгы бар?Мен түшүнбөй калдым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан