Баткен облусунда жер титиреди

11-май күнү Баткен облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 11-май күнү саат 16:26да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында жана Айдаркен шаарында, Баткен районунун Сары-Талаа айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан