Өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.
Алар:
Бишкек шаары – 10;
Чүй облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 3;
Нарын облусу – 7.
"Мунун ичинен 3 бейтап сырттан келгендер. Ал эми Нарындагы жаңы аныкталган 7 адамдын алтоо медицина кызматкерлери, бул жерде коопсуздук чаралары жакшы сакталбай калганбы, айтор, ушундай көрүнүш орун алды", - деди Үсөнбаев.
Муну менен коронавирус өлкөгө келгенден бери 1037 адам ооруну жуктуруп алды. Анын ичинен 709 бейтап айыгып чыккан.