Депутат социалдык объекттер сапатсыз курулуп жатканын айтып, аны көзөмөлгө алууну сунуштады

Депутат Аида Касымалиева социалдык объекттер сапатсыз курулуп жатканын айтып, аны көзөмөлгө алууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Өлкө боюнча канча объект курулат? Бюджет тарабынан акча бөлүнөт, бирок тендерден утуп чыккан компания объекттерди жакшы сапатта курбай жатышат. Кээ бир объекттерге 40, 30 миллион сом акча бөлүнгөн. Жыйынтыгында Ынтымак айылында суу чыкпай калды. Мамлекеттен чоң акчалар бөлүнүп жатат. Эл мектеп, таза суу, оорукана маселесине келгенде кыйналып калууда. Курулуштардын сапатын көзөмөлгө алуу керек. Көп объекттер титулдук баракчага кирген, бирок акча бөлүнбөй калууда. Быйылкы жылы канча мектеп курулат?", - деп сурады депутат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл оор боло турганын айтты. "Биздин максат авариялык мектептерде, контейнерлерде, маданият үйүндө окугандарды мектепке киргизүү болуп саналат. Авариялык абалда 29 мектеп бар, анын ичинде 10 мектеп оор абалда. Ошол мектепти курганга аракет кылабыз. Ал эми тендерден уткан компаниялар тууралуу айта турган болсок, мурунку жылга салыштырмалуу сапатты жакшы караган фирмалар келип жатат", - дейт өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан