Дональд Трамп журналист менен болгон айтышуудан кийин брифингден кетип калды

АКШда эпидемиологиялык абал тууралуу брифинг берип жаткан президент Дональд Трамп журналист менен болгон айтышуудан кийин кетип калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, CBS телеканалынын журналисти Вэйцзя Цзян эмне үчүн өлкө башчысы адамдар өлүп жаткан мезгилде жүргүзүлгөн тестирлөөнүн санын айтып, мактанып жаткандыгын айткан.

"Элдер дүйнө жүзү боюнча өлүп жатат. Бул суроону мага эмес Кытайга бериңиз. Менден сурабаңыз, Кытайдан сураңыз. Алардан сурасаңыз өзгөчө жооп аласыз", - деп жооп берген Трамп.

Бул жооптон кийин суроо берүү үчүн даярданып турган CNN`дин журналистинин ордуна кайрадан Цзян туруп келип "Кытай тууралуу эмнеге дал мага айтып жатасыз?" деп суроо узаткан.

"Бул жооп бир сизге гана эмес. Сиздикиндей кара мүртөз суроо бергендин баарына даректелет", - деген Трамп.

Андан соң ал брифинг бүткөнүн айтып кетип калган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Milduri
2020-05-12 12:06:50
Кытайлар атайылап Трамптын ачуусуна тийип атканго, Трамп Кытайлардын энесин таанытса экен.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан