Кубатбек Боронов: "Нарын шаарында эпидемиологиялык абал татаал бойдон калууда. Бул тартиптин начардыгынан"

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү күндө Нарын шаарында эпидемиологиялык абал татаал экенин айтты. Бул тууралуу ал республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Айтымында, мында контакттык оорулуулардын саны облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору болууда.

"Бул тартиптин начардыгынан, үй карантининин талаптарынын аткарылбай жаткандыгынан кабар берет. Натыйжада, күнөөсүз жарандар жабыркоодо. Буга мисал катары коронавирус катталган Нарын шаардык төрөт үйүн келтирүүгө болот. Катардагы жарандар гана эмес, медициналык кызматкерлер да үй карантиндин талаптарын тыкыр аткаруусу шарт. Тийиштүү талаптарды аткарбаган жарандар жоопко тартылышы керек", - деди ал.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго өз милдеттерин толук кандуу аткарбай жаткан кызматтык адамдар боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин айтымында, учурда 28 миң 592 адам үй карантининде. Бир суткада 8 эреже бузуу аныкталып, алар боюнча тийиштүү чаралар көрүлдү.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдиргендей, салык органдары тарабынан 45 миңден ашык маалымкат тастыкталган, ага катар акимиаттар иштеп жатышат, маалымкаттар электрондук жана өндүрүштүк ыкма менен берилүүдө, кезектер жок.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан