Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков №8 түзөтүү абагынан СИЗО-1ге которулат. Бул тууралуу Биринчи Май районунун чечими чыкканын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
"№8 түзөтүү абагына которулган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду СИЗО-1ге кайра которуу чечими чыкты. Исаковдон жана дагы 7 кишиден анализ алынат", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 22-апрелде комиссиянын чечими менен жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевди №47, Сапар Исаковду №8 жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду №27 жалпы режимдеги түзөтүү абактарына которуу чечимин кабыл алган.