Нью-Йорк шаарын жана анын жашоочуларынын жай турмушун 2 айлык карантин кандай өзгөрттү? (фото)

АКШнын Нью-Йорк шаары эпидемиянын очогуна айланды. Дүйнөдө коронавирус кулач жайган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда 12-майга карата жалпы 1 миллион 347 миң 151 адам коронавирус илдетин жуктурган. Андан 232 миң 733 адам сакайса, 80 миң 378 бейтап каза болду. Анын ичинен Нью-Йорктун 165 миңден ашуун тургуну коронавирус илдети менен жабыркап жатканын чет элдик басылмалар жазышууда.

"Бүгүнкү күнгө карата 13 миңден ашык Нью-Йорктун тургундары коронавирустан көз жумду. Анын көчөлөрү мурункудай жандуу эмес. Ошентсе да ооруну жуктуруу темпи бир аз жайлап калганына байланыштуу шаар акырындан мурунку жашоого кайта баштады. Аталган шаарды жана анын жашоочуларынын жай турмушун 2 айлык карантин кандай өзгөрттү? Таажы вирусунун америкалыктарга берген таасирин орус сүрөтчүсү Василий Войнов чагылдырган", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
001KG
2020-05-12 20:52:19
Эххх Ныю-йоркко жете алар бекенбиз, же кыял бойдон калып кетеби!
0
mentol
2020-05-12 21:06:47
001KG, Азыр ар бир учунчу Кыргыз Америкага кетууну ойлоп калган окшойт)
+2
001KG
2020-05-12 21:25:09
mentol, Почти бүт эле, же ар бир Кыргыздар ойлойт, калп эле "Мышык майга жетпей үфф сасык" дегендей боло беришет.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан