Коронавирустун омикрон штаммынан сактануу жолун америкалык окумуштуу айтып берди

Учурда талкуу жаратып жаткан коронавирустун омикрон штаммынан сактануу үчүн коронавируска каршы вакцинанын күчөтүүчү дозасын алуу керек. Мындай билдирүүсүн АКШнын Аллергиялык жана жугуштуу оорулар институтунун башчысы Энтони Фаучи жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айткан. Бул тууралуу чет элдик ЖМКларда жарыяланды.

Айтымында, күчөтүүчү дозаны алганда антителонун деңгээли жогорулап, омикрон штаммына туруштук бере алат.

"Эгерде коронавируска каршы Pfizer жана Moderna компанияларына таандык вакцинанын 2-дозасы менен эмдөөдөн өткөн болсо, анда 6 же андан ашык убакыт өткөн соң кайрадан күчөтүүчү доза менен эмдөөдөн өтүү зарыл. Ал эми Johnson & Johnson'дун коронавируска каршы вакцинасы менен (бир компоненттүү) эмделгенине 2 ай же андан ашык убакыт өткөн болсо да кайрадан күчөтүүчү дозаны алуу керек. Бул омикрон штаммынан коргонууга шарт түзөт", - деген ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы В.1.1.529 штаммынын аталышын грек тамгасы менен omicron деп атаган.

Ал эми Израилде коронавирустун омикрон штаммы катталган соң өлкө чет элдик жарандарга чек арасын жапкан.

Мындан тышкары Израиль, Гонконг, Ботсвана, Бельгия, Британия, Австралия, Германия жана Италияда бул штамм аныкталган. Мындан улам көпчүлүк өлкөлөр бул штамм катталган мамлекеттерге аба каттамдарын токтоткондугу кабарланган.

Ал эми бүгүн, 29-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн министрлер кабинети COVID-19дун жаңы аныкталган омикрон штаммы боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен чукул кеңешме өткөрдү

Ошондой эле Түштүк африкалык дарыгер Анжелик Кутзее бул штаммдын алгачы белгилерин айтып берген.

Омикрон штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандарына Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирүүгө тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2021-11-30 00:39:33
Корновирус балалап кеттиби чочкого окшоп эмне балээ!!! түрү эле көбөйүп кетти
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан