Былтыркы жылы өкмөт тарабынан үй-бүлөнүн жана балдардын абалын жакшыртуу боюнча бардык зарыл болгон иш-чаралар ырааттуу түрдө ишке ашырылып келди. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Былтыркы жылдын 1-декабрынан тартып үй-бүлөдө үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул "балага сүйүнчү" дайындала баштады. 2019-жылдан бүгүнкү күнгө дейре 6 үй-бүлөдө төрөлгөн ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку жөлөк пул берилген, бул максатта республикалык бюджеттен 900 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле 2019-жылы бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөк пулду (4000 сом өлчөмүндө) – 161 миң 8 адам, ал эми 2018-жылы 90 миң 9 адам алган", - деп жазылат маалыматта.