Фейсбук социалдык тармагына апрель айында коронавирус тууралуу 50 миллион фейк билдирүүлөр жазылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда социалдык тармактын модераторлору коронавирус тууралуу калп маалыматты камтыган билдирүүлөргө тиешелүү белгилерди коюп чыгышкан.
"Биз тараптан коюлган тиешелүү белгини көргөн окурмандар эскертүү экенин кабыл алышып, 95 пайызы ал контентке кирбейт же ал маалымат менен таанышпай турганын билебиз", - деп жазылган Фейсбуктун билдирүүсүндө.
Мындан тышкары аталган социалдык тармак интернет колдонуучуларга терс таасир этет деген жүйө менен жүз миңдеген маалыматты өчүргөн. Анын катарында коронавирус сасык тумоо сыяктуу деген билдирүүлөр дагы өчүрүлгөнү айтылат маалыматта.