Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Бишкек шаары – 1;
Ош шаары – 4;
Ош облусунда – 9;
Жалал-Абад облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 5.
Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 49 медициналык кызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозун 2790 кызматкер жуктурса, алардын ичинен 1766 медкызматкер айыкты.