Нарын облусунда кайсы ишмердүүлүктөр ишин жандантканы айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифинг учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык, бардык жетекчилерге санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча милдеттемелер коюлган.
Иши жанданган тармактар:
- тоо-кен тармагындагы көмүр казуучу ишканалар;
- өндүрүш ашканалары;
- базарлар;
- чачтарачканалар;
- курулуш товарларын жана унаа тетиктерин саткан дүкөндөр;
- май алмаштыруучу жана техника оңдоочу жайлар;
- автоунаа жуучу жайлар;
- такси кызматы;
- мончолор;
Нарын облусу боюнча жалпы 137 адамдан коронавирус аныкталган.