Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилгенден бери 38 унаа кырсыгы катталды

Бишкек шаарында өзгөчө абал режими киргизилгенден бери 38 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

"Азыркы учурда "Коопсуз шаар" долбоору иштеп жатат. Бардык шаар тургундарын жол кыймылынын эрежесин сактоого чакырам. Азыркы күндө ансыз деле шаарыбызда унаа кыймылы аз. Ошондуктан кайсы бир жакка шашып жаткан болсоңуз унаа тыгыны дээрлик жокко эсе. Өзгөчө абал киргизилгенден бери Бишкек шаарында 38 жол кырсыгы катталды", - деп билдирди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан