АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча бюросу укук коргоочу Азимжан Аскаровго ырайым кылууну суранды. Бул тууралуу бюронун Твиттердеги баракчасына жарыяланды.
"Президент Сооронбай Жээнбековдон анын улгайган жашына, ден соолугуна жана дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 илдетинин коркунучуна байланыштуу ырайым кылып, бошотууну суранабыз", - деп жазылган билдирүүдө.
Кечээ, 13-майда Азимжан Аскаровдун жана анын жактоочусу Вахитовдун кассациялык даттанууларынын негизинде жазык иши каралып, Аскаровго Чүй облустук соту 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү күчүндө калган. Соттолгон Аскаровдун жана анын жактоочусу Вахитовдун кошумча кассациялык даттануулары канааттандыруусуз калтырылган.
Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында баш аламандык уюштурган делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөнү моюнуна албай келет.