Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү туризм жаатында кандай аракеттер болуп жатканын айтты

"Туризмди өнүктүрүүгө көңүл бурабыз деп айттыңыз эле, бул багытта кандай аракеттер жүрүүдө?" деген суроого Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев төмөнкүчө жооп берди.

"Туризм жаатын өнүктүрүүгө ар дайым аракеттер көрүлүүдө. Илдетти жеңип чыксак, биз ички жана сырткы туризмди өнүктүрүп, чет элдик меймандарга жана Кыргыз жарандарына жакшы шарт түзүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Азыркы учурда Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан Ош облусуна 60 миллион АКШ доллары каралып жатат. Анын 30 миллион доллары туризм тармагына, анын ичинен жол курууга, таза суу, маданий жана башка иш-аракеттерге жумшаларын пландап жатабыз", - деп билдирди Жылкыбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан