Талас облусунда коронавирус илдетинин катталбаганынын себеби жана оорунун киришине жол бербөө иш-аракеттери тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев бүгүн, 14-майда айтып берди.
"Талас облусунда илдеттин катталбаганынын эң биринчи себеби, алгач ыкчам иштер уюштурулуп, облусту изоляцияга алдык, эл арасына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Экинчиден, жергиликтүү эл, аксакалдар, улуу-кичүү муун дебей, илдеттин олуттуу экенин баары түшүнүү менен кабыл алышып, бири-бирине каттоону токтотуп, адамдардын топтолушуна жол беришкен жок. Эл ичинен азамат жигиттер өздөрү аймактарга постторду уюштурушуп, элдин кыймылын болтурбоого жардам беришти. Өз учурунда медицина, милиция кызматкерлери жана илдетке каршы ишке тартылган бардык жарандар активдүү иш алып барышууда.
Талас облусунда илдет катталбаганы менен өлкөдө бул оору менен күрөшүү жүрүп жаткандыктан, бизде да кооптонуу бар. Коюлган тапшырма, талаптарды туура аткарып, санитардык-гигиеналык ченемдерди колдонуп, бул илдетти эл менен бирге жеңип чыгаарыбызга ишенем. Мен жергиликтүү элге, оорунун алдын алууга тартылган бардык кызматкерлерге, күнү-түнү иштеп жаткан медицина, милиция, укук коргоо органдарына ыраазычылык билдирип кетем”, - деп билдирди Мураталиев.