Бүгүн, 8-июнга карата өлкөдө коронавирустан дагы бир бейтап каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү кабарлады. Маркум Нарын облустук ооруканасында дарыланып жаткан.
Нарын шаарынын мэриясы каза болгон бейтап 67 жаштагы Айчүрөк Самакова экенин ырастады. Ал Нарын шаарындагы Валерий Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясынын директору болуп эмгектенип жүргөн. Аталган мектептин администрациясынан Самакованын жакындарына көңүл айтып, буларга токтолду.
"Өлкөбүздүн билим берүү тармагы орду толгус жоготууга учурады. Ушул жылдын 7-июнунда 67 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими, билим берүүнүн отличниги, Нарын шаарындагы Валерий Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясынын директору Самакова Айчүрөк Сыдыковна мезгилсиз дүйнө салды. Мектеп ишине чексиз берилген, "окуучум", "мектебим" дегенде ичкен ашын жерге койгон камкор жетекчибизди жоготуу оңой эмес. Маркумдун жакын туугандарына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгы-муңун тең бөлүшөбүз. Жаткан жериңиз жайлуу болуп, топурагыӊыз торко болсун.
№2 мектеп-гимназиясынын эмгек жамааты, Нарын шаардык билим берүү бөлүмү, мектеп директорлору жана бала бакча башчылары, окуучу, бүтүрүүчүлөрүңүз сизди жоктойт. Жаратканыбыз бейишин берсин", - дешти администрациядан.
Өмүр баяны:
Айчүрөк Самакова 1953-жылы 2-июнда Нарын шаарында төрөлгөн. 1960-1968-жылдары Нарын шаарындагы өзү эмгектенген мектепти ийгиликтүү аяктап, облустагы медициналык окуу жайында билим алган.
1971-1974-жылдары Нарын облустук коммунисттик партиясынын жалпы бөлүмүндө техникалык катчы болуп эмгек жолун баштаган;
1974-1983-жылдардын аралыгында ошол эле жалпы бөлүмдүн эсеп-кысап боюнча инструктору;
1983-1986-жылдары жалпы бөлүмүнүн сектор башчысы кызматын аркалаган;
1986-жылдан 1997-жылга чейин Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектебинде мектептен жана класстан сырткары иштерди уюштуруучу болуп эмгектенген.
1997-жылдан бери аты аталган мектеп-гимназиясында директорлук кызматка келип, эки чылбыр бир тизгинди колуна алып, өмүрүнүн акырына чейин эмгегин арнап келген.
"Ушул эмгек жолунда биология сабагынын мугалими, тарбия иштери боюнча директордун орун басары, кийин директору болуп иштеди.
Мектеп-гимназия макамына ээ болуусуна 2007-жылы "Даӊк" медалынын ыйгарылышы, ал эми 2010-жылы республикада "Шаардын эӊ мыкты мектеби" болуп калуусуна Самакова Айчүрөк Сыдыковнанын эмгеги зор.
Кыргыздын келечеги болгон уул, кыздарды тарбиялоодо, мектептин кем-карчын бүтөөдө алмашкыс жетекчи, келечекти көрө билген даанышман, мээрман эне болуп көптөгөн бүтүрүүчүлөрүбүздүн көңүлүндө уюп калчу мугалимибиз эле", - деп кошумчалашты мектеп администрациясынан.
Айчүрөк Самакова мурдагы депутат Карганбек Самаковдун бир тууган эжеси экенин шаардык мэриядан ырасташты.