Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков менен депутат Кенжебек Бокоев кайым айтышты.
Бокоев парламентте кош стандарттуулук болуп жатат деп айтканда, Жумабеков "парламент жакпаса эч кимди кармаган жокпуз" деп жооп берген.
Анда бир канча депутаттар төраганын дарегине сындарды айтышты.
Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңеште идеалдуу адам жок экенин айтты. "Сөздөн адашып калса, ошону айтып жатасыңар. Бул жерде идеалдуу эч ким жок. Баарыбыз бири-бирибизди билебиз. Кудай көргүс иштерди кыласыңар. Бул жерде семизиңер, кыйшыгыңар бар. Буларга эч кимибиз эч нерсе дей элекпиз. Же бирөөңөрдү семиз, бириңерди кыйшыксыңар деп жатабызбы? Сыйыңарды билип, жакшынакай болгула", - деди Икрамов.