Өзбекстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Ала-Бука, Чаткал райондорунда сезилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 14-майда саат 22:16да Өзбекстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баймак, Ызар, Достук, Ак-Коргон жана Чаткал районунун Сумсар айылдарында 4 балл, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Терек-Сай, Кызыл-Токой, Аксы районунун Кербен, Мундуз, Сары-Кашка, Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.