Жалпы сан 14. Өлкө боюнча дагы 2 адам коронавирустан көз жумду (хронология, видео)

Бүгүн, 15-май саат 10:00гө карата өлкөдөгү коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев
маалымат берди.

2020-05-15 10:26:00

Дарылар жана башка медициналык каражаттар азыркы тапта жетиштүү. Ал эми бул тууралуу коомчулукта тарап жаткан айрым маалыматтар чындыкка дал келбейт.

2020-05-15 10:25:00

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Ал эми стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу – 248 медициналык кызматкерлерге коюлган, алардын ичинен 194 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-15 10:22:00

Орусиядан келген жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму берген тесттик каражаттар атайын текшерүүдөн өткөн соң гана колдонууга берилет. Аталган 2 тест дүйнө жүзүндө сунуш кылынган тесттер. Башка өлкөлөрдөн келген тесттик каражаттар да текшерүүдөн өтүп, колдонууга жарактуу экени билинген соң гана эксплуатацияга берилет.

2020-05-15 10:20:00

Акыркы күндөрү Нарын облусунда коронавирус менен ооругандардын саны өсүп жатканына байланыштуу министрликтин өкүлү Мадамин Каратаев баш болгон топ абалды көзөмөлгө алып, текшерүү үчүн кеткен.

2020-05-15 10:18:00

"Чет элден келген Кыргыз жарандарынын саны күн санап өсүп жатканына байланыштуу обсервацияда жаткан адамдардын саны да көбөйүп жатат. Алар келген соң обсервацияга алынып, медициналык изилдөө жүргүзүлөт. Эгерде анализдеринин жыйынтыгы жакшы чыкса, үй карантинине алынат", - дейт Үсөнбаев.

2020-05-15 10:15:00

Тилекке каршы өлкө ичинде 2 адам коронавирустук инфекциядан каза болду. Алардын буга чейинки өнөкөт оорулары козголгон. Бири 55 жаштагы эркек киши Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жаткан, ал эми экинчиси 84 жаштагы аял киши Нарын облусунда каза болду. Пандемия башталгандан бери илдеттен 14 адам көз жумду.

2020-05-15 10:10:00

15-майга карата сутка ичинде 29 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен көбү Нарын шаарында.

Бишкек шаары – 6;
Чүй облусу – 4;
Ош шаары – 4;
Ош облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 2;
Нарын облусу – 11;
Ысык-Көл облусу – 1.

Муну менен жалпы ооругандардын саны 1 миң 111ге жетти.

2020-05-15 10:00:00

Кыргыз өлкөсүндө жалпы бир сутка ичинде 10 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Алардын ичинен:
Бишкек шаары – 6;
Ош облусу – 4.

Өлкө боюнча жалпы 745 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан