"Александровкада сел". ӨКМ: "Социалдык тармакка тараган видео чындыкка дал келбейт"

Кечээ, 14-май күнү социалдык тармактарга "Александровка айылында сел жүрдү" деген аталышта видео тараган. Анда суу көчөнү каптап, үйлөргө агып жатканын көрүүгө болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Азис Эгембердиев видеонун чындыкка дал келбей турганын билдирди.

"Кечээ видео тараган замат райондун бөлүм башчысы Жыргал Шадыбеков жана айыл өкмөт башчысы Александровка айылын кыдырып чыгышкан. Ал жакта жаан себелеп жаап жатыптыр. Казакстандын Түркестан облусунда Александровка айылы бар экен. Балким ошол жактан тартылган видео болушу мүмкүн. Негизи учурда Чүй облусунун аймагында дарыялардын деңгээли нормасында. Бардык кооптуу аймактарда алдын алуу иш-чараларын жүргүзгөнбүз", - деп билдирди Эгембердиев.

14-май. Чүй облусунун Александровка айылындагы абал
Александровка айылында сел деп жайылган видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2020-05-18 02:52:30
Бизде ушундай жаман нерселерди чыгарганга аракет кылабыз да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан