Коронавируска каршы вакцина чыкса, биринчилерден болуп аны АКШ алабы?

Дүйнө жүзүн чөгөлөткөн вирустан жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө. Алсак, 15-майга карата дүйнөдө 4 миллион 438 миң 371 адам коронавирус жуктуруп алганы катталды. Анын арасынан 1 миллион 586 миң 257 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылып, 302 миң 115 адам каза тапты.

Бул арада бир гана эпидемиологиялык жактан эмес, экономикалык каатчылыктан кыйнала баштаган дүйнө мамлекеттери вируска каршы вакцинанын тезирээк иштелип чыгышын күн санап күтүп жатканы шексиз.

Бирок COVID-19 инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгып жаткан лидерлердин бири, фармацевтикалык гигант аталган "Sanofi Pasteur" компаниясы көпчүлүктүн көңүлүн суутканын чет элдик басылмалар жазышууда. Себеби компания жетекчиси Пол Хадсон вакцина даяр болгондон кийин, ал алгач АКШга берилерин айтып чыккан. Жетекчи мындай чечимин америкалыктар башкаларга караганда изилдөөлөргө көбүрөөк каражат бергени менен түшүндүргөн. Пол Хадсондун сөздөрү Европалык союз мүчөлөрү арасында сынга кабылды.

Бул билдирүүдөн кийин Франциянын Саламаттыкты сактоо министрлиги калкынын саламаттыгын франциялык компания иштеп чыккан вакцинага гана ишенип, тапшырарын айтып чыккан.

Ал эми Европалык союз жакында коронавируска каршы вакцинанын изилдөөлөрүнө каражат чогултуу үчүн донорлордун видео конференциясын өткөргөнү маалым. Анда пандемия менен күрөшүү үчүн эл аралык кызматташуунун ролу чоң экени айтылганы белгиленет. Европалык комиссиянын өкүлү Стефан де Кеерсмакер: "Эл аралык тилектештик жана иш-аракеттердин шайкештиги - бул коронавируска карата эң эффективдүү жана ишенимдүү жооп деп эсептейм. Вируска каршы вакцина глобалдык, бүткүл адамзаттын энчиси болушу керек. Вакцинаны колдонуу мүмкүнчүлүгүн адилеттүү жана баарына бирдей жеткиликтүү кылышыбыз шарт", - деген оюн айткан.

Ал эми илим чөйрөсүндө окумуштуулардын кичинекей ийгилиги тууралуу ошол эле дүйнөлүк басылмалар жазышат. Маалыматка ылайык, "Roche" аттуу фармацевтикалык концерни (ред: жалпы бир финансылык жетекчилик астында бир нече соода-өнөр жайлык капиталисттик ишканалардын бирикмеси) тарабынан чыгарылган тесттер адамдын вируска каршы иммунитетинин бар же жогун текшере алары аныкталган. Бул тесттерди АКШ, Улуу Британия колдоно баштаганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asman779
2020-05-15 14:21:21
Кимге биринчи берсенер да эн негизгиси вакцинанарды чыгаргылачы, анан коро жатаарбыз. Кул жейм дейт бирок аны кудай билет
0
KalenAlmaz
2020-05-15 14:29:07
Вакцина бир жарым жылда жасалып бутото экен,ага чейин Американын А тамгасы еле калат го.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан