Жайыл РИИБинин кызматкерлери ортосунда чыккан чырды УКМК териштирүүдө

Чүйдүн Жайыл районунун милиция кызматкерлери ортосунда пикир келишпестик чыгып, атышуу орун алды. Ал эми бул ишти учурда УКМКнын тергөө кызматы иликтөө жүргүзүп жатат. Маалыматты аталган комитеттен тастыктап, буларды билдиришти.

"Учурда "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен аталган кызматкерлерге иликтөө жүрүп жатат. Тергөөнүн жүрүшү менен эмне себептен ок атышуу болгону аныкталат", - дешти басма сөз кызматынан.

Жергиликтүү басылмаларда аталган окуя 6-апрелден 7-апрелге караган түнү болгонун, анда тергөөчү менен опер кызматкеринин ортосунда түшүнбөстүк орун алганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан