Өлкөдө бир суткада коронавирус илдетин жуктурган медициналык кызматкери катталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында кабарлады.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында катталгандардын саны 248. Алардын ичинен 200 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.