Өзбекстандагы Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жарылуусунан улам болгон суу ташкынынын кесепетинен 90 миң адам эвакуацияланган, 4 адам каза болуп, 1 адам дайынсыз жоголгон. Кырсыктын кесепетинен зыян тарткан Сардоба районунун тургундары 1-сентябрдан тарта жаңы курулган батирлерге, оңдоп-түзөөдөн өткөн үйлөрүнө жашап башташат. Мындан тышкары зыянга учураган үй-бүлөлөргө 40 миллион сумдан (болжол менен 4 миң доллар) материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сардоба районундагы жашоочулар менен өлкө башчы Шавкат Мирзийоев жолугушуп, аткарылып жаткан иштер менен таанышып чыкты. Анда мамлекеттин эсебинен турак үйлөр оңдолуп, жаңы батирлер курулат. Ал эми үйлөрү кыйрап калган тургундардын жер аянты өздөрүнүн менчигинде калат. 4 жарым миңдей үй-бүлөгө 40 миллион сумдан материалдык жардам жана үй тиричилик буюмдары берилет.
Өзбекстанда төрөлгөн орусиялык миллиардер Алишер Усманов селден жабыр тарткан өзбекстандыктарга 10 миллион доллар каражат которгон. Бул каражаттар материалдык жардам берүүгө жумшалат. Жолугушуунун соңунда өлкө башчы тургундарга сертификаттарды тапшырды деп айтылат маалыматта.