Орозо айында боло турчу Кадыр түндүн урматына Түркмөнстанда абакта отурган адамдарга мунапыс берилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мунапыс 1 миң 192 абакта жаткан Түркмөнстандын жаранына жана 210 чет элдик жаранга берилген.
Жергиликтүү башкаруу органдарына абактан чыккан жарандарды жумуш менен камсыз кылуу тапшырмасы берилген.